Бүгүн, 2018-жылдын 13-июнунда

Бүгүн, 2018-жылдын 13-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамааты «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, тест тапшырышты.

Жалпысынан бул мекемелерден тестке 133 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Катышуучуларга мекеменин жетекчиси презентация жасап, кызыктырган суроолоруна жооп берди.

Тест адаттагыдай эле, үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

   

   

You may also like...