КЫРГЫЗТЕСТ: ИЮЛЬ АЙЫ

“Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрынан чыккан №757 Токтомун ишке ашыруу максатында 2018-жылдын июль айында борбор калаада жайгашкан мекемелердин 1440 кызматкерин  тесттен өткөрдү.

 

Тест төмөнкү графикке ылайык жүрдү:

  • 3-июль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы
  • 9, 11, 13, 24 – июль Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы
  • 18-июль Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин апппараты
  • 19-июль Бишкек шаардык мэриясынын аппараты жана Бишкек шаардык Кеңеши
  • 20-июль Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы (борбордук аппарат)
  • 23-июль Бишкек шаарынын райондук администрациялары
  • 25-июль Аламүдүн райондук мамлекеттик администрациясы
  • 27, 30-июль жана 1-август Бишкек шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктары

Катышуучуларга тесттин жүрүшү боюнча презентация жасалып, алар суроолоруна жооп ала алышты.

Тест адаттагыдай эле, үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

 

You may also like...