«КЫРГЫЗТЕСТ» көнүгүү тестин жүргүзүүдө

Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Октябрь жана Ленин райондук администрацияларынын кызматкерлери 2018-жылдын 23-мартында «Кыргызтесттин» көнүгүү тестинен өтүп кетишти.

                
1-нөөмөттө Октябрь (21-адам), 2-нөөмөттө Ленин (11-адам) райондук администрацияларынын кызматкерлери катышышып, 4 субтест («Лексика-Грамматика», «Окуу», «Угуу», «Сүйлөө») боюнча тест тапшырмаларын аткарышып, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

You may also like...