КЫРГЫЗТЕСТ Нарын облусунда

КЫРГЫЗТЕСТ Нарын облусунда

2016-жылдын 22-мартынан 25-мартына чейин Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын, Кочкор жана Жумгал райондорунун жалпы билим берүү мекемелеринин мамлекеттик тил адистеринин катышуусунда практикалык көчмө семинарлар өттү.

     

Алардын негизги максаты “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө Улуттук программасынын” алкагында 2017-жылдан баштап жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик тил боюнча тапшыра турган тест тууралуу маалымат берүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болду.
Семинардын катышуучулары КЫРГЫЗТЕСТ тарабынан берилген маалыматтарды канааттануу менен кабыл алышып, өз ой-пикирлерин билдиришти.

     

Семинарга жалпы област боюнча 200гө чукул орто мектептер менен кесиптик лицейлерден 400дөн ашуун педагог катышышты. Аларга мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерине коюлган Талаптар (7 китептен турган комплект) жана компакт дисктер таратылды.
Аталган иш-чара “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасынын” алкагында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык, Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ түзүмү тарабынан уюштурулду.

    

You may also like...