КЫРГЫЗТЕСТ: 26-ИЮНЬ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК САТЫП АЛУУЛАР ДЕПАРТАМЕНТИ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ БЮДЖЕТТИК НАСЫЯЛАРДЫ БАШКАРУУ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ

Бүгүн, 2018-жылдын 26-июну күнү бекитилген графикке ылайык, Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик сатып алуулар департаменти жана Бюджеттик насыяларды башкаруу боюнча  мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери «Кыргызтест» системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, тест тапшырышты.
Адаттагыдай эле, мекеменин жетекчиси презентация жасап, катышуучулардын суроолоруна жооп берүү менен аларга ийгилик каалап, тестке узатты.
Жалпысынан бул мекемелерден тестке 83 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.
Тест адаттагыдай эле, үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

       

 

 
 
 

You may also like...