Мамкаттоо башкармалыгы – КЫРГЫЗТЕСТте

Бүгүн,29-февралда, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баамдоо тесттеринен өтүүнү улантышты.

    

Бул жамааттын 36 кызматкери өзүн-өзү баалоо баракчасын толтуруп, көпчүлүгү В2 деңгээлиндеги тест тапшырмаларын аткарышты. Белгилей кетсек, В2 деңгээлин жогорку билими бар бардык жарандар билүүгө милдеттүү. Ал эми алардын ичинен С1 деңгээлин тандаган жарандар тест тапшырмаларын аткарып жатып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди өз эне тилинде эркин иш алып барууга шыктандырчу тапшырмалар көп экенин айтып жатышты.

    
“А1 деңгээлиндеги тест тапшырмалар кызыктуу жана таануучулук нукта түзүлүптүр. Суроолор так жана жеткиликтүү экен. Мен үчүн кыйын болгон жок. Кыргыз тилин сүйлөй албасам да, түшүнөм. Балким, ошондуктан мага жеңил болду окшойт”, – деп тестке катышкан орус улутундагы 6 кызматкер улам-улам баса белгилеп жатышты.Эске салсак, кыргызстандык жана Кыргызстанда түрдүү тармакта иштеген же окуган ар бир чет элдик жаран 2018-жылдан баштап КЫРГЫЗТЕСТтен сөзсүз өтүүгө милдеттүү болот.

You may also like...