Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мамлекеттик тилде тиешелүү деңгээлде сүйлөй билиши керек

Бүгүн, 25-февралда, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматкерлеринин экинчи тобу КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен өттү.

КЫРГЫЗТЕСТ башкармалыгынын башчысы Батма Топоева-Ставинская мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер 2018-жылдан тарта мамлекеттик тилде тиешелүү деңгээлде сүйлөй билиши керек экендигин баса белгиледи. Башкармалыктын башчысы тесттен өтүү тартиби, ар кандай көндүм боюнча деңгээлдердин талаптары жана кыргыз тилиндеги лексикалык минимум тууралуу маалымат берди.

    
Тесттин жүрүшүндө катышуучулар өзүн-өзү баалоо баракчасы аркылуу денгээлдерин аныкташып, жыйынтыгында тесттин суроолоруна жооп беришти. Алардын айтымында мындай багыттагы тесттерден өтүү тилди өздөштүрүүдө жана мамлекеттик иш кагаздары менен иш алып барууда мыкты натыйжасын берүүдө.

    

You may also like...