КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтому

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтому


23 Жетинин айы, 2017

Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө», «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

  1. Төмөнкүлөр аныкталсын:

–   жогорку, башкы, улук жана кенже топтордогу административдик кызматтарды ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар мамлекеттик тилди төмөнкүдөй көлөмдөн жана деңгээлден кем эмес билүүгө милдеттүү:

базалык деңгээлден (А2) – 2019-жылдан тартып;

орто деңгээлден (В1) – 2020-жылдан тартып;

ортодон жогору деңгээлден (В2) – 2021-жылдан тартып.

  1.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2018-жылдын 1-мартына чейин «Кыргызтест» мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо системасынын талаптарына шайкеш келген мамлекеттик тил боюнча мугалимдер үчүн методикалык сунуштарды жана мамлекеттик тилди окугандар үчүн окуу куралдарын иштеп чыксын.
  2. 2018-жылдын 1-мартынан тартып беш айдын ичинде бүт мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар жалпы милдеттүү тестирлөөдөн өткөрүлсүн, мында:

           – мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар өткөн базалык деңгээлинен (А2) кем эмес тестирлөөнүн жыйынтыктары 2019-жылдын 1- январынан тартып мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү кесиптик компетенттүүлүгүн мындан ары баалоодо эске алынсын;

          – базалык деңгээлинен (А2) төмөн тестирлөөнүн жыйынтыктары мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо боюнча тиешелүү комиссиялар үчүн аталган кызматчылардын ээлеген кызматтарга шайкеш келбегени тууралуу сунуштарды иштеп чыгууга 2018-жылдын ичинде негиз катары таанылбайт же аларды кызматтан төмөндөтүүгө негиз болуп бербейт. Ушундай мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар кийинки баалоо мезгилдеринде тестирлөөдөн өтүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын каражаттарынын эсебинен окутулууга тийиш (макулдашуу боюнча).

  1.   Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясын мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү бөлүгүндө, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө баалоо 2019-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлсүн.
  2. Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутууга көмөк көрсөтүшсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө жүктөлсүн.
  4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 Премьер-министр                                                        С. Ж. Исаков


 

Постановление Правительства КР № 757 от 21 ноября 2017 года


23 Ноябрь, 2017

Об установлении уровня знания государственного языка государственными гражданскими служащими и муниципальными служащими, занимающими административные должности, в объеме, необходимом для исполнения своих должностных обязанностей, и сроках его внедрения в деятельность государственных органов и органов местного самоуправления

В целях реализации законов Кыргызской Республики  «О государственном языке Кыргызской Республики», «О государственной гражданской службе и муниципальной службе», в соответствии со статьями 10 и 17 конституционного Закона Кыргызской Республики «О Правительстве Кыргызской Республики» Правительство Кыргызской Республики постановляет:

  1. Установить, что:

– государственные гражданские служащие и муниципальные служащие, занимающие высшие, главные, старшие и младшие группы административных должностей, обязаны владеть государственным языком в объеме и на уровне не ниже:

базовый уровень (А2) – с 2019 года;

средний уровень (В1) – с 2020 года;

уровень выше среднего (В2) – с 2021 года.

2. Министерству образования и науки Кыргызской Республики
до 1 марта 2018 года разработать методические рекомендации
для преподавателей и учебные пособия для изучающих государственный язык согласно требованиям системы определения уровня владения государственным языком «Кыргызтест».

3. Провести массовое обязательное тестирование всех государственных гражданских служащих и муниципальных служащих в течение не более пяти месяцев, начиная с 1 марта 2018 года, при этом:

– результаты тестирования государственных гражданских служащих и муниципальных служащих, соответствующие не менее чем базовому уровню (А2), подлежат зачету при дальнейшей оценке профессиональной компетенции в части, касающейся знания государственного языка, с 1 января 2019 года;

– результаты тестирования ниже базового уровня (А2) не могут быть признаны в течение 2018 года основанием для соответствующих комиссий по оценке деятельности государственных гражданских служащих и муниципальных служащих для выработки рекомендаций о признании их несоответствующими занимаемой должности или основанием для их понижения в должности. Такие государственные гражданские служащие и муниципальные служащие подлежат обучению за счет средств государственных органов и органов местного самоуправления (по согласованию) для сдачи тестирования в последующие периоды оценки.

4. Оценка профессиональной компетенции государственных гражданских служащих и муниципальных служащих, занимающих административные должности, в части, касающейся знания государственного языка в объеме, необходимом для исполнения должностных обязанностей, будет осуществляться с 1 января 2019 года.

5. Руководителям государственных органов, органов местного самоуправления (по согласованию) оказать содействие в осуществлении обучения государственных гражданских служащих и муниципальных служащих государственному языку.

6. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить
на отдел государственного управления и кадровой работы Аппарата Правительства Кыргызской Республики.

7. Настоящее постановление вступает в силу по истечении десяти дней со дня официального опубликования.

Премьер-министр                                                         С. Дж. Исаков