2015-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» 2014-жылдын 6-июнундагы № 119 Жарлыгына ылайык, КЫРГЫЗТЕСТ системасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тесттен өтүү тартиби менен тааныштыруу үчүн баамдоо тестин өткөрүү улантылууда.

Атап айтсак, бүгүн, 24-декабрда, КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 7 кызматкери өттү.

You may also like...