2015-жылдын 26-ноябрында Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Д. Ниязалиеванын 2015-жылдын 18-майындагы № 21-20499-тапшырмасы боюнча бекитилген графикке жараша үстүбүздөгү жылдын май-июль айларында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин арасында КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча көнүгүү тест сынагын жүргүзөт.

Бүгүн, 26-ноябрда, КЫРГЫЗТЕСТтин көнүгүү сынагынан Бишкек шаарынын мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери өтүштү. Тесттин жыйынтыгы биздин сайтка, бүгүн саат 18:00дө жайгаштырылат.

You may also like...