2015-жылдын 26-октябрында Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо түзүмүнүн кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» 2014-жылдын 6-июнундагы № 119 Жарлыгына ылайык, КЫРГЫЗТЕСТ системасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тесттен өтүү тартиби менен тааныштыруу үчүн баамдоо тестин өткөрүү улантылууда.

   

   
Атап айтсак, бүгүн, 26-октябрда, КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен “Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо түзүмүнүн” 15 кызматкери өттү.

You may also like...