2015-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери тест сынагынан өтүштү

Бүгүн КЫРГЫЗТЕСТ системасынын көнүгүү сынагы бешинчи ирет өткөрүлдү. Бешинчилерден болуп, КЫРГЫЗТЕСТ сынагына Улуттук тил комиссиясынын 18 кызматкери келип, эне тилин канчалык деңгээлде билерин аныктап кетишти. Чындыгында, Кыргызстанда жарандардын кыргыз тилин билүүсүн: А1, А2, В1, В2, С1 деген сыяктуу деңгээлдер боюнча аныктоо КЫРГЫЗТЕСТ системасы түзүлгөнгө чейин жүргүзүлгөн эмес. Демек, бул – КЫРГЫЗТЕСТтин бирден-бир өзгөчөлүгү. Ошондуктан КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн кызматкерлери күн сайын жаңыланууну көздөө менен, алдыга гана карай умтулууга аракет кылышмакчы.

Бүгүнкү өтүп жаткан КЫРГЫЗТЕСТ сынагына Улуттук тил комиссиянын кызматкерлери катышып, сынактын өтүшүнө кызыгышып да, ошол эле учурда толкунданып да жатышты. Тестти, берилген тапшырмаларды абдан берилүү менен аткарып жаткандары алардын жүзүнөн көрүнүп турду. Жалпылап айтканда, КЫРГЫЗТЕСТ сынагынан бир гана мамлекеттик кызматта иштеген адамдар гана эмес, өзүмдүн деңгээлимди аныктап, мындан ары да тил билимимди жакшыртам дегендер келип катыша алышат. Андыктан, эне тилин билүүдөгү өзүңүздүн күчүңүздү: “лексика-грамматика”, “угуп түшүнүү”, “окуп түшүнүү”, “жазуу”, “сүйлөө” тапшырмалары аркылуу деңгээлиңизди аныктап көрөм десеңиз, биз Сиздер менен ар дайым кызматташууга даярбыз!

You may also like...