КЫРГЫЗТЕСТ: 6-ИЮНЬ

2018-жылдын 6-июну күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик  агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекетти агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак – аш өнөр жай жана мелиорация  министрлигинин кызматкерлери “Кыргызтест” системасы боюнча мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктап, тест тапшырышты.

Жалпысынан бул мекемелерден тестке 161 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Тест үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар  адаттагыдай эле тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

Тесттин жүрүшү толугу менен www.kyrgyztest.gov.kg сайтында онлайн көрсөтүлүп турду.

  

  

You may also like...