КЫРГЫЗТЕСТ: 7-ИЮНЬ

2018-жылдын 7-июну күнү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы, жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин жамааты “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде тест тапшырышты,  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.

Жалпысынан бул мекемелерден тестке 157 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Тест үч нөөмөттө өтүп, тест тапшыруучулар  адаттагыдай эле тесттин жүрүшү боюнча өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

Тесттин жүрүшү толугу менен www.kyrgyztest.gov.kg сайтында онлайн көрсөтүлүп турду

You may also like...