«Кыргызтестте» 3 айлык жарыяланды

 

«Кыргызтест» Мамлекеттик мекемесинде 2021-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына арналган 3 айлык жарыяланды.

Белгиленген 3 айлыктын алкагында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу «Кыргызтест» системасына сынамык иретинде жаңы тест программасы киргизилди.

Ошондой эле тест тапшыруучуларга милдеттүү түрдө Кыргыз Республикасынын Гимнин жана мамлекеттик символдорун билүү талабы коюлду (тиркемеде).

Бүгүн, 2021-жылдын 1-июлунда, биринчилерден болуп жаңы программа аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына талапкерлер тест тапшырышты.

You may also like...