Эки талапкер кайрадан сынактан өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө 26-июлда башталганы маалым.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тестирлөө өткөрүүнүн эрежелери жөнүндө Жобого ылайык талапкерлер 4 субтестти тапшырып, жыйынтыгы 60 баллдан ашуусу шарт.

Сынак тапшырган талапкерлердин ичинен 5 талапкер талаптагыдай балл топтой албагандыгына байланыштуу, аларгаалган баллы көрсөтүлгөн маалым кат гана тапшырылган.

Алардын ичинен 15-августта тест тапшырып, жетиштүү балл топтой албай калган талапкерлер Абышев Аскарбек Мусаевич жана Абыкулов Советбек Султанбаевич жогоруда аталган Жобонун 5-бөлүмүнүн 36 пунктуна ылайык бүгүн 18-августта кайрадан тестирлөөдөн өтүштү. Буга себеп талапкерлердин кайрылуулары болгон. Сынактын жыйынтыгында А.Абышев 60,45 балл, ал эми С.Абыкулов 60,54 балл алуу менен сертификатка ээ болду.