КЫРГЫЗТЕСТ: СЕМИНАРЛАР

2018-жылдын 15-мартында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын уюштуруусу менен «Кыргызтест» башкармалыгында  Бишкек шаардык мамлекеттик жана муниципалдык мекемелеринин мамлекеттик тил боюнча жана кадр иштери боюнча адистери үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн № 757 токтомун ишке ашыруу алкагында 2018-жылдын 1-апрелинен баштап мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу тестке даярдык көрүү боюнча атайын семинар өткөрүлдү.

      

«КЫРГЫЗТЕСТ» башкармалыгынын башчысы Б.Б. Топоева-Ставинская система боюнча презентация жасап, семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берип жатты.Семинарда учурда «Кыргызтесттин»  талаптарына дал келген программанын жана окуу китептеринин жоктугу жана аларды иштеп чыгуу үчүн мамлекеттик тил адистеринен турган атайын жумушчу топ түзүү керектиги, мамлекеттик кызматчыларды тестке даярдоодо кыйынчылыктар болуп жаткандыгы айтылып жатты.Катышуучулар компьютердик класстарды көрүп чыгып, өз каалоо-тилектерин айтышты.

 

You may also like...