«Кыргызтест» системасынын мобилдик көчмө тобу – Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясында

Бүгүн, 27-мартта КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомун ишке ашыруу алкагында «Кыргызтесттин» көчмө тобу Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын борбордук аппаратынын кызматкерлерине көнүгүү тестин мобилдик тартипте БШКнын имаратында өткөрүштү. Көнүгүү тестинен 48 кызматкер өтүп, мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныкташты.

     

  

Көнүгүү тести улантылууда

Ошол эле учурда, 27-март күнү «Кыргызтест» башкармалыгынын имаратында «Бишкекжылуулукэнерго» (30 адам) жана «Бишкекбашкыархитектура» (15 адам) мекемелеринин кызматкерлери КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомун ишке ашыруу максатында 2018-жылдын апрель айында башталуучу негизги тестке даярдык көрүү үчүн «Кыргызтесттин» көнүгүү тестинен өтүштү.

You may also like...