2015-жылдын 29-июнунда КР Юстиция министрлигинин кызматкерлери Кыргызтест сынагынан өтүштү

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер министри Д. Ниязалиеванын 2015-жылдын 18-майындагы № 21-20499-тапшырмасы боюнча бекитилген графикке жараша үстүбүздөгү жылдын май-июль айларында Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борбору министрликтердин жана ведомстволордун кызматкерлеринин арасында КЫРГЫЗТЕСТ системасы боюнча көнүгүү тест сынагын жүргүзөт.

      

Бүгүн, 29-июнда, КЫРГЫЗТЕСТтин көнүгүү сынагынан КР Юстиция министрлигинин кызматкерлери өтүштү.

Тесттин жыйынтыгы биздин сайтка, бүгүн саат 18:00до жайгаштырылат.

     

You may also like...