«Кыргызтесттин» көчмө тобу өз ишин баштады

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы «Кыргызтест»  мамлекеттик мекемесинин атайын түзүлгөн көчмө тобунун алыскы аймактардагы иш сапары Баткен областынан башталды.  Бүгүн 12-апрелде көчмө топтун алгачкы аймактык иш кызматы жүргүзүлүп, талапка ылайык, мамлекеттик кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоочу системасынын иш процесси сапаттуу жана жогорку деңгээлде өттү. Жыйынтыгында, 5 мамлекеттик мекеменин 54 кызматкери мамлекеттик тилди милдеттүү түрдө билүү деңгээлин аныктап, заманбап системанын өзгөчөлүгүн жана жетишкендигин белгилеп, ыраазычылык билдиришти. Ошондой эле тест жүргүзүү     ON-LINE системасы kyrgyztest.gov.kg сайты аркылуу on-line деген бөлүктө жалпы коомчулукка түз көрсөтүлүп жатты.

          

You may also like...