КР Жогорку Кеңешинин кызматчылары «Кыргызтестте» тест тапшырууну улантууда

2018-жылдын 16- апрелинде  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кызматчылары «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин заманбап техника менен жабдылган лингафондук класстарында өткөрүлгөн тесттен  өтүүнү улантышты.  

Тест «Лексика Грамматика», «Окуу», «Жазуу», «Сүйлөө» «Угуу» субтесттери боюнча жүргүзүлдү. 

Эске салсак, «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин туруктуу (локалдык) тобу тестти Бишкек шаарында, ал эми көчмө (мобилдик) тобу аймактарда өткөрүүнү камсыздайт. 

Тесттен жалпысынан республика боюнча 24467 мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы өтүүсү күтүлөт, анын ичинен Бишкекте – 7785, аймактарда  – 16682. 

You may also like...