ЛЕЙЛЕК району, ИСФАНА шаары: 16-апрель

Бүгүн Лейлек районуна караштуу 8 муниципалдык мекеменин 127 кызматкери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо үчүн бардык деңгээлдер боюнча (А1, А2, В1, В2, С1) 5 субтесттин тест тапшырмаларын аткарышты. Тест жүргүзүү ON-LINE системасы kyrgyztest.gov.kg сайты аркылуу on-line деген бөлүктө жалпы коомчулукка түз көрсөтүлүп жатты. Тест процесси таза жана тынч өттү. «Кыргызтест» системасы тарабынан эч кандай жетишпестиктер болгон жок.

    

You may also like...