2018-жылдын 19-июну

Бүгүн, 2018-жылдын 19-июнунда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын жамааты «Кыргызтест» мекемесинде тест тапшырып, мамлекеттик тилди билүү дэңгээлин аныкташты.

Жалпысынан бул мекемеден тестке 127 кызматкер келип, 5 субтест боюнча бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Тест тапшырган кызматкерлер тесттен кийин мекеменин ишин жогору баалап,  өз ой-пикирлерин билдирип кетишти.

Тесттин жүрүшү толугу менен www.kyrgyztest.gov.kg сайтында онлайн көрсөтүлүп турду.

      

 

You may also like...