Ысык-Көл облусунун  обладминистрациясы жана Каракол  шаарынын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырышты

2018-жылдын 6-7-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун  обладминистрациясы жана Каракол  шаарынын мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырышты.

Аталган иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Осмоналиев А.Ш. жана анын орун басарлары баштаган 12 мамлекеттик жана муниципалдык мекемеден  келген  191 кызматкер, ошондой эле Каракол шаарынын мериясынын кызматкерлери  толук катышып, жакшы жыйынтыктарга ээ болушту. Тест тапшырган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар кандай деңгээлдеги 5 субтесттен турган: “Лексика. Грамматика”, “Угуу”, “Окуу”, “Жазуу” жана “Сүйлөө” субтесттери боюнча тапшырмаларды аткарышты. Тест жүргүзүү процесси “Кыргызтест” сайтында түз көрсөтүлүп жатты.

Аймактын жетекчилери жана кызматкерлери “Кыргызтесттин” көчмө тобунун ишин жогору баалап, тесттин талапка ылайык жүргүзүлгөндүгү жана бардык шарттар камсыздалгандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

Учурда “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин көчмө тобу өз ишин андан ары улантуу максатында  Жети-Өгүз районуна жол тартты.

 

You may also like...