Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу районунун мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлери  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырышты

 

2018-жылдын 9-10-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу  районунун 27 мамлекеттик жана муниципалдык мекемесинен келген  234 кызматкер бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Аталган иш-чарага  райондун акими жана айыл башчылары толук катышып, жакшы жыйынтыктарга ээ болушту. Тест тапшырган бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер ар кандай деңгээлдеги 5 субтесттен турган: “Лексика. Грамматика”, “Угуу”, “Окуу”, “Жазуу” жана “Сүйлөө” субтесттери боюнча тапшырмаларды аткарышты. Тест жүргүзүү процесси “Кыргызтест” сайтында түз көрсөтүлүп жатты.

Аймактын жетекчилери жана кызматкерлери “Кыргызтесттин” көчмө тобунун ишин жогору баалап, тесттин талапка ылайык жүргүзүлгөндүгү жана бардык шарттар камсыздалгандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

 

You may also like...