КЫРГЫЗТЕСТте окутуу семинары өткөрүлдү

Бүгүн, 11-февралда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунда 13 министрликтин мамлекеттик тил адистерине жана жалпы билим берүү мекемелеринин кыргыз тил мугалимдерине тест түзүү боюнча окутуу семинары өткөрүлдү.

Семинардын биринчи бөлүгүндө КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Батма Топоева- Ставинская КЫРГЫЗТЕСТ системасынын тапшырмалары, алардын форматтары, тест түзүү тартиптери менен кеңири тааныштырды.

    
Экинчи бөлүгүндө даяр тапшырмаларды талдоо, жаңы тесттерди түзүү иштери жүргүзүлдү. Катышуучулар лексика-грамматика, угуу, окуу, жазуу, сүйлөө субтесттерден тест тапшырмаларын түзүүгө жигердүү катышып, кызыктырган суроолорго жооп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле алар 2017- жылы өтүлө турган тестке кыска мөөнөттө окуучуларды даярдоо жолдорун белгилешти. Семинардын катышуучулары мугалимдердин кесиптик дасыгын жогорулатуучу мындай иштер көп болсо деген тилектерин айтып, ыраазычылык билдиришти.

КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн маалыматтык кызматы

You may also like...