КЫРГЫЗТЕСТ: Баамдоо тесттери

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” 2014-жылдын 6-июнундагы № 119 Жарлыгына ылайык, КЫРГЫЗТЕСТ системасында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди тесттен өтүү тартиби менен тааныштыруу үчүн баамдоо тестин өткөрүү улантылууда.

Ага ылайык, 24-февралдан 28-февралга чейин, КЫРГЫЗТЕСТтин баамдоо тестинен Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын 300 кызматкери өтөт. Бүгүн, 24-февралда, КЫРГЫЗТЕСТтен бул жамааттын 35 кызматкери өттү.

    
Эске салсак, 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн Улуттук программасында коюлган максаттарга ылайык, Кыргызстандык жана Кыргызстанда түрдүү тармакта иштеген же окуган чет элдик ар бир жаран 2018-жылдан баштап КЫРГЫЗТЕСТтен сөзсүз өтүүгө милдеттүү.

You may also like...