Тесттик суроолордун купуялыгын сактап калуу үчүн коопсуздук чаралары сакталган

Бүгүн, 1-мартта, КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүндө Бишкек шаардык мамлекеттик каттоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн мамлекеттик тилди билүү деңгээли боюнча баамдоо тесттерин тапшыруу улантылды.

Түзүмдүн кызматкерлери тестке катышкан адистер менен маек куруп, баамдоо тесттерин өркүндөтүү багытында пикирлерин угушту.

    
Баамдоо тесттери лексика-грамматикалык, угуу, жазуу жана окуу жөндөмдөрүнө багытталып, тесттик суроолордо кесиптик маселелерди билүү менен катар грамматиканы практикалык жактан колдонуусуна басым жасалат.

Бардык тесттик тапшырмалар тажрыйбалуу адистер менен педагогдор тарабынан даярдалып, эксперттик кароодон өткөндөн кийин гана колдонууга коюлат. Тести иштеп чыгуунун, тест жүргүзүүнүн жана анын жыйынтыктарын иштеп чыгуунун бүткүл процессинин ичинде тесттик суроолордун купуялыгын сактап калуу үчүн коопсуздук чаралары сакталган.

You may also like...