Учурда стандартташтырылган компьютердик тест аркылуу баамдоодон Бишкек шаарынын 400гө чукул мектеп окуучусу өттү

Бүгүн, 19-майда, жалпы билим берүү мекемелеринин окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 10-класстарынын мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган компьютердик тести аркылуу аныктоону баамдоо улантылууда.

Учурда стандартташтырылган компьютердик тест аркылуу баамдоодон Бишкек шаарынын 400гө чукул мектеп окуучусу өттү. Аталган иш-чаранын жүрүшү боюнча тестке катышкан окуучулар, алардын ата-энелери жана эксперттер менен байкоочулар өз пикирлерин билдиришип, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин ишине алкыш айтып, ийгилик каалашты.

Эске салсак, 2016-жылдын 17-майында “Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүу жана илим министрлиги 2015-2016-окуу жылында окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү мекемелеринин 10-класстарынын окуучуларынын мамлекеттик тил боюнча билим деӊгээлин Кыргызтест түзүмүнүн стандарттык компьютердик тести аркылуу баамдай баштаган.

You may also like...