Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган компьютердик тести жыйынтыкталды

20-майда, жалпы билим берүү мекемелеринин окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн 10-класстарынын мамлекеттик тил боюнча билим деңгээлин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган компьютердик тести аркылуу аныктоону баамдоо жыйынтыкталды.

    

Төрт күн аралыгында Бишкек шаарынын бардык райондорунан 600гө чукул окуучу аталган тесттен өтүштү.
Кыргызтесттин стандартташтырылган тапшырмалары мектеп программасынын чегинде түзүлүп, беш субтестти камтыйт жана А1-В1 деңгээлдеринин талаптарына жооп берет. Тестке катышуучулардын аты-жөнү жеке номер менен белгиленип, тесттин жүрүшү купуялыкта сакталды.

    
Кыргызтест түзүмүнүн стандартташтырылган компьютердик тести Кыргыз Республикасынын Президентинин “2014-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү жөнүндө” Жарлыгына ылайык Улуттук программанын алкагында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде өткөрүлдү.

    

You may also like...