КЫРГЫЗТЕСТ-ТРКИ-КАЗТЕСТ КЫЗМАТТАШУУСУ

Үстүбүздөгү жылдын 20–25-июнунда Ысык-Көл областынын Ысык-Көл районунун Бостери айылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандардын кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоочу КЫРГЫЗТЕСТ түзүмү КМШ мамлекеттеринин тилди билүү деңгээлин аныктоочу системалары менен тажрыйба алмашуу максатында илимий-практикалык негизде айкалышкан семинар-тренинг өткөрдү. Эл аралык кызматташууну өркүндөтүп, өз ара мамилелерди бекемдөө максатында уюштурулган семинарга ТРКИ ( Чет элдик жарандардын орус тилин билүү деңгээлин аныктоочу Россия мамлекеттик тест жүргүзүү системасы), КАЗТЕСТ (Казак тилин билүү деңгээлин аныктоочу система) жана КЫРГЫЗТЕСТ (Кыргызстандык жана чет элдик жарандардын тилдерди билүү деңгээлдерин аныктоочу система) системаларынын жетекчилери, адистери, тест түзүүчүлөрү жана эксперттери катышышты.

    

Аталган иш-чаранын биринчи күнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун директору А.Н.Бакиров семинар-тренингди ачуу салтанатында сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгилик каалап өттү. Ошондой эле КЫРГЫЗТЕСТ түзүмүнүн жетекчиси Б.Б.Топоева-Ставинская семинардын катышуучуларына КЫРГЫЗТЕСТ системасын тааныштыруу презентациясын жасады. Мындан сырткары, Москва мамлекеттик университетинин ТРКИ системасынын өкүлү Е.В. Палицкая да, КАЗТЕСТ жетекчиси А.Т.Абдыхаликов да ТРКИ, КАЗТЕСТ системалары тууралуу жалпы маалымат беришип, субтесттер боюнча бардык деңгээлдерде тест тапшырмаларын түзүү технологиясы менен тааныштырышты.

   

You may also like...