КЫРГЫЗТЕСТ: Токмок шаарында

2016-жылдын 19–21-октябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун КЫРГЫЗТЕСТ башкармалыгынын кызматкерлери Чүй областынын Токмок шаарына барып мамлекеттик тил (кыргыз тили) боюнча КЫРГЫЗТЕСТ системасынын компьютердик тестин өткөрүштү. Тестке Токмок шаарынын мэриясынын кызматкерлери, ошондой эле муниципалдык жана башка бир нече мекемелердин кызматкерлери катышып, тест менен таанышышты.

Тесттин катышуучулары жакшы ой-пикирлерин айтышып, мындай тесттерди көбүрөөк өткөрүп туруу сунушун билдиришти. Тест кызыктуу өтүп, катышуучулардын жалпы саны 87ге жетти.

 

You may also like...