«КЫРГЫЗТЕСТ» баамдоо тестин улантууда

Бүгүн, 2017-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук тест жүргүзүү борборунун «КЫРГЫЗТЕСТ» башкармалыгы Бишкек шаардык №19 жана №41 орто мектептеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрү компьютердик баамдоо тестинен өтүштү. Тесттен өткөн окуучулар 5 субтест («ЛЕКСИКА.ГРАММАТИКА», «ОКУУ», «УГУУ», «ЖАЗУУ», «СҮЙЛӨӨ») боюнча тест тапшырмаларын аткарышып, өздөрүнүн мамлекеттик тилди билүү деңгээлдерин аныкташты.

    
Бул компьютердик баамдоо тестинен Бишкек шаарынын дагы бир нече мектептин бүтүрүүчү класстары өтөт. Ушул тесттин негизги максаттарынын бири – тесттин жыйынтыгы боюнча жалпы билим берүү мекемелеринде мамлекеттик тилди окутууну жакшыртуудагы сунуштамаларды иштеп чыгуу.

You may also like...