“ЖАЗУУ” субтестинин A2 деңгээлдер боюнча темалары

“ЖАЗУУ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары: (A2 деңгээли)

Cизге 10 суроо сунушталат.
Ар бир суроону кунт коюп окуп, жообун жазыңыз.
Эскертүү: сандарды цифра менен эмес, сөз менен жазуу керек.

Вам предлагается 10 вопросов.
Внимательно прочитайте каждый вопрос и напишите ответ.
Примечание: числа необходимо писать прописью, а не цифрами.

  1. Сиз кайсы жерде жашайсыз?
  2. Сиздин үйүңүздүн жанында кайсы мекемелер бар?
  3. Сиз иштеген бөлүм кайсы кабатта жайгашкан?
  4. Ыраазычылык билдирүүдө кайсы сөздөрдү колдонобуз?
  5. Жазында кандай майрамдар бар?
  6. Туулган күнгө карата куттуктоо сөздөрүн жазыңыз.
  7. Сиз кайсы жылы туулгансыз?
  8. Сизге кайсы спорт оюндары жагат?
  9. «Кутман таң» деп качан айтабыз?
  10. Силердин иш бөлмөңөрдө кандай эмеректер бар?
  11. Сиз иштеген мекеме кандай аталат?
  12. Кызматтык милдеттериңизди жазыңыз.
  13. Бөлүмүңөрдө канча адис бар?
  14. Эки министрликтин кыргызча аталышын жазыңыз.
  15. Эмгек өргүүгө качан чыгасыз?
  16. Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?
  17. Сууда сүзгөндү билесизби?
  18. Жаңы жылга карата куттуктоо сөздөрүн жазыңыз.
  19. Азыр саат канча болду?
  20. «Кутман түн» деп качан айтабыз?
  21. Азыр канчанчы жыл?
  22. Бүгүн кайсы күн?
  23. Сиз кантип саламдашасыз?
  24. Кызматтык телефон номуруңуз кандай?
  25. Шахмат ойногонду билесизби?
  26. Курбуңуз же досуңуз ким болуп иштейт?
  27. Кесибиңиз сизге жагабы?
  28. Апта күндөрүнүн аталыштарын ирети менен жазыңыз.
  29. Бош убактыңызда эмне кыласыз?
  30. Сиз кайсы мекемеде иштейсиз?
  31. Кесиптешиңиз менен кантип коштошосуз?
  32. Улуулар менен кантип саламдашасыз?
  33. Кайсы чет тилдерди билесиз?
  34. Курбуңуз же досуңуз кайсы жерде иштейт?
  35. Сулайман тоосу кайсы жерде жайгашкан?
  36. Бир саатта канча мүнөт бар?
  37. Жыл мезгилдеринин кыргызча аталыштарын жазыңыз.
  38. Сиздин кесибиңиз экономистпи?
  39. Жетекчиңиздин аты-жөнү ким?
  40. Сиз кайсы жерде төрөлгөнсүз?
  41. Кыргызстандын кайсы жерлеринде болгонсуз?
  42. Курбуңуз же досуңуз менен кантип коштошосуз?
  43. Каракол шаары кайсы областта жайгашкан?
  44. Кыш мезгили сизге жагабы?
  45. Сиз иштеген мекеменин имараты канча кабаттуу?
  46. Бир айда канча күн бар?
  47. Сиз саат канчага чейин штейсиз?
  48. Сиздин туулган күнүңүз качан?
  49. Курдашыңыз же досуңуз «жакшы бар» десе, сиз эмне дейсиз?
  50. «Кутман күн» деп качан айтабыз?
  51. Иш сапарына качан бардыңыз?
  52. Сиз ким болуп иштейсиз?
  53. Иш күнүңүз саат канчада башталат?
  54. Сиз кайсы аймакта жашайсыз?
  55. Сиз Жалал-Абадга бардыңыз беле?
  56. Кесиптешиңиз «Жакшы калыңыз» десе, сиз эмне дейсиз?
  57. Бүгүн аба-ырайы кандай?
  58. Бир жылда канча ай бар?
  59. Күз мезгили сизге жагабы?
  60. Сиз канча жаштасыз?
  61. Сиз кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз?
  62. Сиз Таласка бардыңыз беле?
  63. Курбуңуз же досуңуз менен кантип учурашасыз?
  64. Сизге кайсы кыргыз улуттук тамактары жагат?
  65. Иш күндөрүнүн аталыштарын ирети менен жазыңыз.
  66. Жаз мезгили сизге жагабы?
  67. Чолпон-Ата шаары кайсы областта жайгашкан?
  68. Жай мезгили сизге жагабы?