“ЖАЗУУ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары

“ЖАЗУУ” субтестинин деңгээлдер боюнча темалары: (С1 деңгээли)

(Берилген тема боюнча 18-20 сүйлөмдүн чегинде жазуу жүзүндө баяндап берүү керек)

  1. “Ыймандуу бийде тууган жок” деген накыл сөздүн турмуштук маанисин өзүңүздүн ишиңизге байланыштырып, ой толгооңузду жазыңыз.
  2. “Туулган жердин топурагы алтын” темасында өскөн жерди сагынуу тууралуу жазыңыз.
  3. Эки тизгин, бир чылбыр колго тийсе өлкөнү өнүктүрүү үчүн  кандай ой-максаттарды ишке ашырар элеңиз?
  4. Сиз жашаган аймактын табиятына аяр мамиле жасоо боюнча оюңузду жазыңыз.
  5. “Жабыла сүйлөп, жакканын кылалы” деген накыл сөздү өз ишиңизге байланыштырып, ой толгооңузду жазыңыз.
  6. “Тарыхы болбой эл болбойт”-демекчи, сиз билген бир тарыхый окуяны баяндап жазыңыз.
  7. Сиз үлгү туткан кыргызга таанымал мамлекеттик ишмер тууралуу баяндап жазыңыз.
  8. “Эр жигиттин ичине ээр токумдуу ат батат” деген накыл сөздүн эл кызматындагы адамга тиешелүү жагын чечмелей, ой толгооңузду жазыңыз.
  9. “Аргымак аттын жакшысы, азыраак оттоп  көп чуркайт, азамат эрдин жакшысы азыраак сүйлөп,  көп тыңшайт” деген накыл сөз маанисин чечмелей, ой толгооңузду жазыңыз.
  10. “Иш арасында иш, аш арасында аш” деген нуска сөздүн турмуштук маанисин баяндап жазыңыз.
  11. Журт атасы, эл уулу болуу наркы тууралуу жазыңыз.
  12. Үй-бүлө куруу, бала тарбиялоодо улут алдындагы жоопкерчилик тууралуу ой толгооңузду жазыңыз.
  13. “Мал адамдын боор эти менен барабар” же кыргызда “Мал-жан аманбы?”-деп, учурашуунун турмуштук маанисине токтоло, оюңузду жазыңыз.
  14. “Сөз атасы-…, суу атасы-…., жол атасы-…” деген макалды толуктап, турмуштук маанисин чечмелей, ой толгооңузду жазыңыз.
  15. “Чөптү кордосоң, көзгө зыян” деген табият сырына байланган макалдын төркүнүн чечмелей, ой толгооңузду жазыңыз.
  16. “Кыргызстандын жакынкы келечеги  жаңы маалымат технологиясында” деген темада көз карашыңызды жазыңыз.
  17. “Элде болсун, эл ичинде менде болсун” деген накыл сөздүн турмуштук  маанисине токтоло, ой толгооңузду жазыңыз.
  18. “Элим тынч болсо, жаным тынч” деген сөздүн турмуштук  маанисин чечмелеген  ой толгооңузду жазыңыз.
  19. Күнөстүү Кыргызстандын өнүгүү жолу боюнча сиздин көз карашыңызды чагылдырган  ой толгооңузду жазыңыз.
  20. “Эл ишеними, убада сөздүн бекемдиги” деген түшүнүктүн сиздин күнүмдүк турмушуңуздагы, ишиңиздеги орду тууралуу  ой толгооңузду жазыңыз.
  21. “Калк айтса, калп айтпайт” деген накыл сөздүн күнүмдүк ишти уюштуруудагы мааниси тууралуу баяндап жазыңыз.
  22. “Ырыс алды – ынтымак, ынтымагың жок  болсо, алдыңдан таят  алтын так” деген накыл сөздүн сиздин жамааттагы маанисине токтоло, ой толгооңузду жазыңыз.
  23. “Тиш-ырыскы, тил-дөөлөт” деген  накыл сөз маанисине байланыштуу оюңузду жазыңыз.
  24. “Булакты көрсөң, көзүн ач” деген накыл сөздү өз ишиңизге  байланыштырып, оюңузду жазыңыз.
  25. “Тарбиячы өзү тарбиялуу болууга тийиш” деген накыл сөздүн сиздин ишке байланыштуу орду тууралуу ой толгооңузду жазыңыз.
  26. “Ойноп сүйлөсөң да, ойлоп сүйлө” деген накыл сөздүн күчүн баалоого байланыштуу оюңузду жазыңыз.
  27. “Бутунан мүдүрүлгөн турат, тилинен мүдүрүлгөн турбайт” деген накыл сөздүн маанисин өз турмушуңуздагы мисалга таянып, ой толгооңузду жазыңыз.
  28. “Көрө-көрө – көсөм, сүйлөй-сүйлөй – чечен болосуң” деген накыл сөздүн маанисине байланыштуу оюңузду жазыңыз.
  29. “Жаман жигит жан сактайт, жакшы жигит эл сактайт” деген накыл сөздө камтылган ойду тереңдете, ой толгооңузду жазыңыз.