МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОРТОҢКУДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ОРТОҢКУ
ДЕҢГЭЭЛДЕ БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР
1.КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНЦИЯСЫНЫН МАЗМУНУ
1.1 СҮЙЛӨШҮҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ, МАКСАТТАРЫ.

МАЕКТЕШҮҮ КЫРДААЛДАРЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ

ОРТОҢКУ деңгээлде сүйлөшүүнүн максатын ишке ашырууда жарандар белгилүү кырдаалдарда коммуникативдик процессти түзүүчү төмөндөгү ниет-максаттарды (интенцияларды) кыргыз адабий тилинин нормаларына ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө аткара билүүсү керек.

1.1.1 Коммуникативдик ниет-максаттарды
ишке ашыруу:

Сүйлөө этикетине жараша маекке катыша алуу:

  • кимдир бирөө менен таанышуу;
  • өзүн же башка адамды расмий жана расмий эмес түрдө тааныштыра алуу;
  • саламдашуу же саламга алик алуу;
  • коштошо билүү;
  • кимдир бирөөгө кайрылуу;
  • ыраазычылык билдирүү, кечирим суроо жана ыраазычылыкка, кечирим суроого жооп берүү, куттуктоо, маекти кубаттоо, маекти баштоого жана улантууга демилге берүү, маекти башка темага буруу;
  • адамдын көңүлүн буруу, кайталап коюусун сурануу, кайра суроо, эске салуу, маекти аяктоо.

Маалымат сурап-билүү жана билдирүү:

  • жүрүм-турум талаптарына ылайык суроо бере алуу;
  • адам, факт, болгон окуя (кыймыл-аракет), буюм жана алардын бар же жок экендиги, буюмдардын сапаты, саны, кимге же эмнеге
    таандык экендиги тууралуу сурай же билдире алуу;
  • окуя же кыймыл-аракеттин орду, убактысы, себеби, максаты тууралуу сурай же билдире алуу;
  • кыймыл-аракеттин аткарылышы, анын болушунун мүмкүндүгү, зарылчылыгы, ыктымалдыгы, ишке ашуусунун мүмкүн эместиги тууралуу сурай же билдире алуу.

Баа берүү, мамилесин билдирүү:

  • ыраазылык, нааразылык, ниет-максатты, колдоо, күмөн саноо, убада берүү, кечирим суроо жана кечирим суроого жооп берүү, куттуктоо, чакыруу, каалоо-тилектерди, өтүнүчтү, артыкчылык көрсөтүүнү, таң калуу, сүйлөшүүдө бир нерсеге ортоктош болууну, өкүнүү, кейүү, кайгырууну этикет талаптарына ылайык билдире алуу.

Жөнгө салуу:

  • кимдир бирөөнүн жасаган ишинин, нерсенин, фактынын, окуянын өөрчүшүнүн оӊ же терс натыйжасына, аткарылышына карата көз карашын билдирүү: баа берүү, кеӊеш берүү, сунуштоо, макул же макул эместигин, аткаруу, же аткарбоо зарылчылыгын, ага ишенүүсүн же күмөн саноосун, уруксат берүүсүн же тыюу салуусун билдирүү жана сурай алуу.

1.1.2 Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке ашыруу

кырдаалдары:

  • административдик кызматта (мамлекеттик мекемелерде ж. б.);
  • көчөдө, коомдук унаада;
  • окууда, кызматта (окуу жайларда, дирекцияда, деканатта, кеңседе ж.б.);
  • коомдук жана маданий жайларда (кинотеатрда, музейде, китепканада, туристтик-саякат агенттиктеринде);
  • тамактануу жайларында (буфетте, ашканада, кафе-ресторанда);
  • соода тармактарында жана борборлорунда (базарда, дүкөндө)
  • байланыш түйүндөрүндө (почтада, телефондо, интернетте, факста);
  • мейманканада, конок үйлөрүндө;
  • медицина тармактарында (бейтапканада, дарыканада);
  • банкта, акча алмаштыруу жайларында;
  • аэропортто, вокзалда (автобус, темир жол);
  • коопсуздукту сактоо тармактарында (милиция же өрт өчүрүү кызматында).

1.1.3 Коммуникативдик ниет-максаттарды
оозеки жана жазуу түрүндө ишке
ашыруудагы актуалдуу темалар:

  • Өмүр баяны: бала чагы, окуусу, билими, кызматы, кызыгуулары;
  • Үй-бүлөлүк жана улуттук каада-салттар;
  • Окуусу жана кызматы (окуган жери, кесип тандоосу, кесиби, кызматтык милдеттери);
  • Билим берүү системасы (мектеп, колледж, техникум, институт, университет);
  • Тил үйрөнүү. Мамлекеттик тилди үйрөнүү. Жашоодо чет тилдерди билүүнүн мааниси;
  • Жашоо таризи (иш күнү, эс алуусу, кесиптештери жана достору менен баарлашуусу);
  • Бош убактысы. Эс алуусу, кызыгуулары (искусство, спорт, саякат ж. б. у. с.);
  • Өлкөнүн борбору. Өзү туулуп-өскөн жер. Шаар – маданий жана туризм борбору. Шаар көйгөйлөрү. Шаардагы жана айылдагы жашоо-тиричилик;
  • Өлкө. Кыргызстан, анын региондору. Географиясы, экономикасы, маданияты;
  • Кыргызстандын белгилүү адамдары (маданият, илим тармактарынын ишмерлери, эмгеги, эрдиги менен таанылган адамдар, ж. б.);
  • Жаратылыш. Жаратылыш жана адам. Экология.

1.1.4 Коммуникативдик ниет-максаттарды
ишке ашыруу чөйрөлөрү:

Жеке чөйрө:

  • өзү жана ата-энеси, үй-бүлөсү, бир туугандары, жакындары, достору, классташтары/курсташтары/кесиптештери, тааныштары жөнүндө алардын жаш курагы, иштеген иши, жашаган жери, жактырган/жактырбаган нерселери, мүнөзү, сапаттары, артыкчылыктары жөнүндө оӊ/терс мазмундагы маалыматтарды бере алуу.
  • эмнелерге кызыгары, бош убактысын өткөрүүсү, пландары жөнүндө, күнүмдүк-тиричиликтик жана маданий маселелерди талкуулоодо өз мамилесин, пикирин билдире же башкалардын пикирин этикеттин алкагында сурай алуу.

Окуу чөйрөсү:

  • кайсы мектепте/окуу жайында, канчанчы класста/курста окуп жатканын, ал кайда жайгашканын, кайсы сабактарды жактырарын, кайсы кесиптер, спорттун кайсы түрү жагарын билдире алуу;
  • окууга байланыштуу түрдүү кырдаалдарда сүйлөшө билүү жана талкууга катышып көз карашын билдире алуу;
  • сабакка тиешелүү тапшырмаларды, талаптарды, өтүнүчтөрдү түшүнүү жана жооп бере алуу, ошондой эле зарыл учурда керектүү маалыматты тактай, аныктай, толуктай же сурай билүү;
  • сабакка байланышкан темалар боюнча оюн билдире алуу жана башкалардан маалымат сурай алуу.

Кесиптик чөйрө:

  • кайсы мекемеде/бөлүмдө, ким болуп иштеп жатканын, кызматтык милдеттерине эмнелер кирерин, эмне иш аткарарын билдире же сурай алуу;
  • мекемеде кандай бөлүмдөр бар экени жана алар кандай иш аткарары, кайсы мекемелер менен байланышта иштегени жөнүндө маалымат бере же сурай алуу;
  • кесиптик милдетин аткаруудагы зарыл терминдерди, мекемеге/бөлүмгө тиешелүү иш кагаздарынын кыргызча аталыштарын билүү жана жумалык, айлык, кварталдык, жылдык отчётторду жана башка иш кагаздарын түзө билүү.
  • мекемеге/бөлүмгө келген адамды кабыл алып, кандай маселе менен келгенин сурап, тастыктай билүү;
  • телефон же интернет аркылуу кесиптик милдеттерине тиешелүү маалыматтарды жана тапшырылган иштин аткарылганын же аткарылбаган себебин кыскача билдире же сурай алуу;
  • жарандардын каттарын, кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын кабыл алып, оозеки жана жазуу жүзүндө жарандар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алуу;
  • расмий иш-чараларда (кеңешме, семинар, конференция, презентация ж. б.) чыгып сүйлөй алуу.

Коомдук-маданий жана социалдык чөйрө:

  • расмий иш-чараларда (отурум, семинар, конференция, презентация ж. б.), майрамдарда (мамлекеттик, улуттук, үй-бүлөлүк майрам) жагдайга жараша куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтуу жана пикирин, көз карашын билдирүү;
  • иш сапарында, эс алуу убагында кайсы жакка, кантип бара жатканын, максатын, мөөнөтүн, ал жактын алыс же жакындыгын, кайсы унаа менен барууга болорун, иш сапары кандай өткөндүгүн, кандай таасир эткендигин же кандай эс алгандыгын айта алуу же сурай билүү.