МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН МАЗМУНУ А1

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН МАЗМУНУ 

А1 – ЭЛЕМЕНТАРДЫК ДЕҢГЭЭЛ

  1. Элементардык деңгээлде жарандар күнүмдүк-тири-
    чиликтик жана социалдык-маданий чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде элементардык коммуникативдик байланыш түзө билүүгө тийиш.
  2. Элементардык деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциалдык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 900 сөз бирдигин жана негизги этикеттик-сыпаалыктагы кайрылууларды камтыйт.
  3. Элементардык деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр толук көлөмдө ишке ашырылат:

–        лексика-грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;

–        чакан көлөмдөгү текстти же маалыматты окуп, жалпы маанисин түшүнө билүү;

–        чакан көлөмдө так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же маалыматтын жалпы маанисин түшүнө билүү;

–        кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки айта билүү;

–        кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн жазуу жүзүндө баяндай билүү.

«Кыргызтест» системасынын А1 – ЭЛЕМЕНТАРДЫК деңгээлинин  сертификаты окууну БАЗАЛЫК – А2 деңгээлинде улантуу үчүн жарандын мамлекеттик тилден билими зарыл болгон көлөмдө экендигин тастыктайт.

Мамлекеттик тилди ЭЛЕМЕНТАРДЫК деңгээлде үйрөнүү үчүн болжол менен 100–120 окуу сааты талап кылынат.