МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН МАЗМУНУ А2

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН МАЗМУНУ 

А2 – БАЗАЛЫК ДЕҢГЭЭЛ

БАЗАЛЫК деңгээлде жарандар күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык-маданий, окуу жана кесиптик чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде базалык коммуникативдик байланыш түзө билүүгө тийиш.

БАЗАЛЫК деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциалдык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 1300 активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик-сыпаалыктагы кайрылууларды камтыйт.

БАЗАЛЫК деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр толук көлөмдө ишке ашырылат:

–    лексика жана грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;

–    чакан көлөмдөгү текстти же маалыматты окуп, жалпы маанисин түшүнө билүү;

–    чакан көлөмдөгү так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же маалыматтын жалпы маанисин түшүнө билүү;

–    кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн оозеки айта билүү;

–    кыргыз адабий тилинин ченемдерин сактоо менен өзүнүн оюн жазуу жүзүндө баяндай билүү.

«КЫРГЫЗТЕСТ» системасынын БАЗАЛЫК–А2 деңгээлинин сертификаты окууну ОРТО – В1 деңгээлинде улантуу үчүн мамлекеттик тилден билими зарыл көлөмдө экендигин жана тилди кесиптик чөйрөдө колдоно билгендигин тастыктайт.

Мамлекеттик тилди БАЗАЛЫК деңгээлде үйрөнүү үчүн болжол менен 100–150 окуу сааты талап кылынат.