МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БИЛҮҮ ДЕҢГЭЭЛДЕРИНИН МАЗМУНУ

В1 – ОРТОҢКУ ДЕҢГЭЭЛ

  1. ОРТОҢКУ деңгээлде жарандар күнүмдүк-тиричиликтик, социалдык маданий, алардын ичинен өзгөчө окуу жана кесиптик чөйрөлөрдө мамлекеттик тилде негизги коммуникативдик байланышты түзө билүүгө тийиш.
  2. ОРТОҢКУ деңгээлдин лексикалык минимуму ушул деңгээлдин тематикалык жана интенциалдык минимумдарынын чегинде сүйлөшүүнү камсыз кылган 3000 активдүү сөз бирдигин жана негизги этикеттик сөздөрдү камтыйт.
  3. ОРТОҢКУ деңгээлде төмөнкүдөй тилдик жана кептик көндүмдөр толук көлөмдө ишке ашырылат:

–   лексика жана грамматикалык нормаларды жазууда жана сүйлөшүүдө колдоно билүү;

–   ушул деңгээлге ылайык текст же маалыматты окуп негизги маанисин түшүнө билүү;

–   ОРТОҢКУ көлөмдөгү так жана жай айтылган же окулган аудиотексттин же маалыматтын негизги маанисин түшүнө билүү;

–   кыргыз адабий тилинин нормаларын сактоо менен өзүнүн оюн расмий жана расмий эмес стилде оозеки түрдө айта билүү;

– кыргыз адабий тилинин нормаларын сактоо менен өзүнүн оюн жазуу жүзүндө баяндай билүү.

«Кыргызтест» системасынын ОРТОҢКУ – В1 деңгээлинин сертификаты окууну ОРТОДОН ЖОГОРУ – В2 деңгээлинде улантуу үчүн жарандын мамлекеттик тилден билими зарыл болгон көлөмдө экендигин тастыктайт.

Мамлекеттик тилди ОРТОҢКУ деңгээлде үйрөнүү үчүн болжол менен 100–150 окуу сааты талап кылынат.