«ЖАЗУУ» СУБТЕСТИ

«ЖАЗУУ» СУБТЕСТИ: ӨЗҮН ӨЗҮ БААЛОО БАРАКЧАСЫ

С1 В2 В1 А2 А1
20. Кызматыма байланыштуу доклад, расмий маалымдама, кызматтык кат түзө алам жана илимий ишке рецензия жаза алам.          
19. Жыйын, кеңешме, отурумдарда актуалдуу темалар боюнча аргумент, далилдөө келтирүү аркылуу сунуштама жаза алам.          
18. Көргөн фильм же окуган көркөм чыгарманын негизинде корутунду чыгарып, ырааттуу баяндама жаза алам.          
17. Расмий жыйындардын протоколун түзө алам.          
16. Окуянын себебин, шартын, кырдаалын, натыйжасын чагылдырып, чакан макала жаза алам.          
15. Өз тажрыйбам жана таасир калтырган нерселер жөнүндө
далилдөөлөрдү келтирип, кыскача баяндама жаза алам.
         
14. Өмүр баянымды толук жаза алам.          
13. Тиешелүү суроолор боюнча мамлекеттик мекемелерге кат аркылуу кайрыла алам.          
12. Көргөн фильм, окуган китептин сюжетин жөнөкөй сөздөр менен кыскача жаза алам.          
11. Күнүмдүк-тиричиликтик чөйрөгө байланыштуу кулактандыруу жаза алам.          
10. Кесиптик, расмий-иштиктүү терминдерди колдонуп, жөнөкөй иш кагаздарын жана кыска резюме жаза алам.          
9. Жөнөкөй маселелер боюнча так мүнөздөмө бере алам жана жакында болгон окуяны сүрөттөй алам.          
8. Келечектеги пландарым жана каалоолорум, эс алуум жөнүндө кыскача жазып бере алам.          
7. Күндөлүк окуялар, кызматым, окуум жана жеке тажрыйбам жөнүндө кыскача баяндама жаза алам.          
6. Тааныштарым менен электрондук кат аркылуу өтүнүч, сунуш, чакыруу жана ыраазычылык жаза алам.          
5. «Үй-бүлөм», «Окуум», «Кызматым», «Досторум», «Мекеним» жана башка темалар боюнча кыскача текст түзө алам.          
4. Күн тартибимди жана жумалык иш планымды жөнөкөй сөздөр менен жаза алам.          
3. Ачык катта жөнөкөй сөздөр менен куттуктоо жаза алам.          
2. Жашаган жерим, үй-бүлөм, кызматым, окуум жана тааныштарым жөнүндө жөнөкөй сөздөрдү колдонуп кыскача кат жаза алам.          
1. Өзүм, үй-бүлөм, окуум, кызматым, өлкөм жөнүндө маалыматты колдонуп, түрдүү бланктарды толтура алам.