Лексикалык минимум А1

МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ ЭЛЕМЕНТАРДЫК
ДЕҢГЭЭЛДЕ  БИЛҮҮГӨ КОЮЛГАН ТАЛАПТАР

1. КОММУНИКАТИВДИК КОМПЕТЕНЦИЯНЫН МАЗМУНУ

1.1. СҮЙЛӨШҮҮНҮН МИЛДЕТТЕРИ, МАКСАТТАРЫ,  

  МАЕКТЕШҮҮ КЫРДААЛДАРЫ ЖАНА ТЕМАЛАРЫ.

ЭЛЕМЕНТАРДЫК деңгээлде сүйлөшүүнүн максатын ишке ашырууда жарандар белгилүү кырдаалдарда коммуникативдик процессти түзүүчү төмөндөгү ниет-максаттарды (интенцияларды) кыргыз адабий тилинин нормаларына ылайык расмий жана расмий эмес формада оозеки жана жазуу түрүндө  аткара билүүсү керек.

1.1. Коммуникативдик ниет-максаттарды
ишке ашыруу

Сүйлөө этикетине жараша маекке катышып, байланыш түзүү:

кимдир бирөө менен таанышуу,  өзүн же башка адамды расмий жана расмий эмес түрдө тааныштыра алуу, саламдашуу, өзү жөнүндө маалымат бере же сурай алуу, аты-жөнү, улуту, жашаган жери, дареги, окуган/иштеген жери, аткарган иши, адистиги, кызматтык орду жана милдеттери тууралуу жөнөкөй сөздөр менен кыскача айтып бере же сурай алуу, ыраазычылык билдирүү, кечирим суроо, кимдир бирөөгө кайрыла алуу же жооп берүү, коштошуу.

Маалымат сурап-билүү жана билдирүү:

кептик жүрүм-турум талаптарына ылайык кандайдыр бир нерселер, окуялар, кимдир бирөөлөр жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен кыскача маалымат бере же сурай алуу, нерсенин бар же жок экендигин, санын, кимге жана эмнеге таандык экендигин, кыймыл-аракеттин ордун, убакытын билдире же сурай алуу.

Баа берүү, мамилесин билдирүү:

кимдир бирөөнүн жасаган ишине, нерсеге, фактыга, окуяга болгон
каалоосун, өтүнүчүн, сунушун, талабын, макул же макул эместигин этикет талаптарына ылайык билдире же сурай алуу.

Жөнгө салуу:

  • кандайдыр бир нерселерге, окуяларга, буюмдарга, кимдир бирөөлөргө, фактыга, окуяга кыскача баа бере алуу.

1.1.2 Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу кырдаалдары:

  • үйдө, короодо, көчөдө, коомдук унаада;
  • окууда, кызматта;
  • коомдук жана маданий жайларда (кинотеатрда, музейде, китепканада туристтик-саякат агенттиктеринде);
  • коомдук тамактануу жайларында: ашкана, кафе, ресторан;
  • соода тармактарында: супермаркет, дүкөн, базар;
  • банкта, акча алмаштыруу жайларында;
  • байланыш түйүндөрүндө: почта, интернет;
  • мейманканада, конок үйлөрүндө;
  • аэропортто, вокзалда (автобус, темир жол);
  • медицина тармактарында: бейтапкана (поликлиника), оорукана, дарыкана;
  • коопсуздукту сактоо тармактарында (тез жардам, милиция, өрт өчүрүү).

1.1.3 Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу темалары:

  • өзү;
  • үй-бүлөсү;
  • досу, кесиптеши, жакындары, таанышы, окуусу, кызыгуулары;
  • кызматы;
  • күн тартиби;
  • жашаган жери;
  • жашаган өлкөсү (шаары, айылы);
  • бош убактысы (кызыккан нерселери);
  • Кыргызстандын белгилүү адамдары (маданият, илим тармактарынын ишмерлери);

1.1.4. Коммуникативдик ниет-максаттарды ишке
ашыруу чөйрөлөрү:

Жеке чөйрө:

  • өзү, ата-энеси, үй-бүлөсү, бир туугандары, жакындары, достору, классташтары/курсташтары/кесиптештери жөнүндө жөнөкөй сөздөр менен кыскача аты-жөнү, жаш курагы, иштеген иши, жашаган жери, жактырган нерселери, мүнөзү тууралуу чакан маалымат бере же сурай алуу жана оюн билдире алуу. Кыргыз элинин негизги каада-салттарын, баалуулуктарын  түшүнүү жана негизги этикеттик кайрылууларды колдоно билүү.

Коомдук-маданий жана социалдык чөйрө:

  • расмий иш-чараларда, майрамдарда (мамлекеттик, улуттук, үй-бүлөлүк майрам) жагдайга жараша жөнөкөй сөздөр менен кыскача куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айта алуу;
  • иш сапарында, эс алуу убагында кайсы жакка бара жатканын, ал жактын алыс же жакын экендигин, кайсы унаа менен барууга болорун, иш сапары кандай өткөнүн же кандай эс алганын жөнөкөй сөздөр менен кыскача айта же сурай билүү.

Окуу чөйрөсү:

  • кайсы мектепте/окуу жайда, канчанчы класста/курста, кайсы факультетте окуп жатканын, ал кайда жайгашканын билдире алуу;
  • сабакта мугалим/окутуучу менен саламдаша жана коштошо билүү жана окууга байланыштуу түрдүү кырдаалдарда жөнөкөй сөздөр менен кыскача сүйлөшө алуу;
  • сабакка тиешелүү жөнөкөй тапшырмаларды, талаптарды, өтүнүчтөрдү, түшүнүү жана жөнөкөй сөздөр менен жооп бере алуу, ошондой эле сабакка байланышкан темаларда керектүү маалыматты кыскача билдире же сурай билүү;