МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ БАЗАЛЫК ДЕҢГЭЭЛДЕ
БИЛҮҮДӨГҮ ЛЕКСИКАЛЫК МИНИМУМ

БАЗАЛЫК деңгээлдин лексикалык минимуму аталган стандарттын тематикалык жана интенциалдык минимумунун алкагында сүйлөшүүнү камсыз кыла турган 1300 сөздү түзөт. Бул деңгээлдин негизги активдүү сөздүгү күнүмдүк-тиричиликтик жана социалдык-маданий чөйрөлөрдөгү сүйлөшүүнү камсыз кылат.

Мамлекеттик тилди базалык деңгээлде билүүдөгү лексикалык
минимумдун тематикалык планы 
ТЕМА МАЗМУНУ
Өзү жөнүндө

Үй-бүлөсү жөнүндө

Курбу-курдаштары жөнүндө

• Фамилиясы, аты, атасынын аты;
• Улуту (тизме);
• Туулган жери/жашаган жери (өлкөсү, аймагы, шаары же айылы);
• Кесиби (окуусу/жумушу/аткарган иши);
• Келбети (өңү-түсү, өлчөмү, формасы);
• Ички дүйнөсү (мүнөзү/адамдын акыбалы, сезимдери);
• Жаш курагы (эсептик сан).
Турак-жайы. Үйү • Үйдүн түзүлүшү;
• Бөлмөлөрү;
• Эмереги;
• Тиричилик техникасы;
• Тиричилик буюмдары;
• Идиш-аягы;
• Багы/короосу.
Күнүмдүк турмушу • Күн тартиби;
• Окуу (окуу жайларынын түрлөрү/класс, аудитория/ кеңсе буюмдары/окуу процесси);
• Кесиптин (гуманитардык, табигый, так / техникалык) түрлөрү.
Убакыт-мезгилди билдирүү • Убакыт (саат);
• Күндөр, айлар, жыл мезгилери, жылдар, кылымдар (иреттик сан).
Шаары. Айылы • Көчөсү;
• Унаасы;
• Шаарды/айылды/билүү/багыт алуу;
• Коомдук жайлар.
Өлкөсү. Мамлекети • География (дүйнө бөлүктөрү/административдик бөлүнүш/жаратылыш). Кыргызстандын флорасы жана фаунасы;
• Кыргыз элинин тарыхы, каада-салттары;
• Кыргыз элинин кол өнөрчүлүгү;
• Кыргыз элинин улуттук музыкалык аспаптары;
• Кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы жана ыр-бий өнөрү.
Соода жана тамактануу жайлары • Дүкөндө, супермаркетте, базарда, күркөдө (азык-түлүк/кийим-кече/белектер);
• Үйдө, кафе-ресторанда, буфетте, ашканада.
Кызыккан нерселери • Спорт, ыр-бийлер, туризм ж. б. у. с.;
• Кол өнөрчүлүк (сүрөт тартуу, чаптоо, токуу, сайма саюу ж. б. у. с.)