АКИpress МААЛЫМАТТЫК АГЕНТВОСУНДАГЫ ПРЕСС-КОНФЕРЕНЦИЯ

2020-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына талапкерлигин көрсөтүүнү көздөгөн Базаркулов Куттумидин жана Искендеров Жээнбек АКИпресс маалыматтык агентвосунда пресс-конференция өткөрүшкөн. Мында Искендеров Ж. «Кыргызтест» ага тесттен өтпөй калгандыгын маалымдаганын, бирок өзү текшергенде тесттен ийгиликтүү өткөндүгү билинип, бул жөнүндө «Кыргызтест» ММ башчысы Батма Топоева-Ставинскаяга билдиргенин жана ал маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясына жибере тургандыгын айтып, бирок аны аткарбагандыктан, 2 күнү текке кеткендигин билдирген.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-апрелиндеги №186 Токтому менен бекитилген «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси АКИпресс маалыматтык агентствосунда 2020-жылдын 20-ноябрында Базаркулов Куттумидин жана Искендеров Жээнбектин билдирүүлөрүнө жооп катары төмөндөгүлөрдү маалымдайт:

  1. Искендеров Жээнбек «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесине мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тестин тапшыруу үчүн 2020-жылдын 17-ноябрында кайрылган. Бул мекеменин каттоо журналында саат 8:55те катталган.

Искендеров Жээнбек Урудинович 1-жолу тестти 17-ноябрда тапшырып, «Окуу» субтестинен «канааттандырарлык эмес» деген жыйынтык алган. 18-ноябрда, саат 17:00дө бул жыйынтык менен макул эместигин билдирип мекеменин директору Б.Б. Топоева-Ставинскаянын атына арыз жазган.

2020-жылдын 20-ноябрында ал арыздын негизинде Искендеров Жээнбек тест жыйынтыгы менен толук тааныштырылган. Чыгарылган жыйынтык менен макул болгондуктан, ал «Окуу» субтестин ошол күнү кайрадан тапшырган (видео менен тастыкталат). «Окуу» субтестин кайрадан тапшыруудан кийин «канааттандырарлык» деген жыйынтыкка ээ болгондуктан, 2020-жылдын 20-ноябрында Искендеров Жээнбекке «Кыргызтест» Сертификаты берилген.

  1. Базаркулов Куттумидин биринчи жолу тестти 2020-жылдын 12-ноябрында тапшырып, «Окуу» субтестинен «канааттандырарлык эмес» деген жыйынтык алган.

2020-жылдын 18-ноябрында «Окуу» субтестин кайрадан тапшырып, «канааттандырарлык» деген жыйынтыкка ээ болгондуктан, ага «Кыргызтест» сертификаты берилген.

Маалымат катары:

«Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинде ички видео байкоо орнотулган. Тестке каттоодон баштап тест тапшыруу, Сертификат берүү жана башка кыймыл-аракеттер, автоматтык түрдө видеодо сакталып турат жана талаш учурларды чечүүдө тастыктоо катары колдонула алат.

«Кыргызтест» системасы боюнча тесттер электрондук таптипте жүргүзүлүп, «Лексика. Грамматика», «Окуу», «Угуу» субтесттеринин жыйынтыгы экранда автоматтык түрдө дароо көрсөтүлөт. «Жазуу» жана «Сүйлөө» субтесттеринин жооптору лингвист-эксперттер тарабынан бааланып, бардык маалымат түздөн-түз базага түшүп, сакталып тургандыктан, жыйынтыкты бурмалоо же өзгөртүү мүмкүн эмес.

Тест жыйынтыктары жана сертификаттар автоматтык түрдө базадан чыгарылып турганына байланыштуу, бул процесске мекеменин адистери же директору таасир эте албайт.

К.Базаркулов жана Ж. Искендеровдун АКИпресстеги маалыматына БШК жообу

You may also like...