Флешмоб

Кыргыз Республикасынын вице-премьер министри тарабынан бекитилген атайын планга ылайык, 2019-жылдын 29-августунда «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укутуу өкүлү менен макулдашуунун негизинде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган флешмоб өткөрдү.

         Мамлекеттик тилди даӊазалоо жана «Кыргызтест» системасы жөнүндө маалыматты окутуучулардын, мамлекеттик тил мугалимдеринин жана студенттердин арасында кеӊири жайылтуу максатында аталган флешмоб К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин башкы корпусунда уюштурулду.

         Тест эртеӊ мененки саат 10:00дө башталып, 17:00гө чейин созулду.

         Жалпысынан флешмобго 70ке жакын адам катышып, алар «Кыргызтест» системасынын тартибине ылайык «Лексика. Грамматика», «Окуу», «Угуу», «Жазуу», «Сүйлөө» субтесттеринен тапшырмаларды аткарышты. Тесттин аягында катышуучулар өз ой-пикирлерин, каалоо-тилектерин айтып, мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган куттуктоолорун жалпы кыргыз элине жолдоп жатышты.

«Кыргызтест» тарабынан катышуучуларга чакан белектер ыйгарылды.






You may also like...