«КЫРГЫЗТЕСТТЕ» ОНЛАЙН ТЕСТКЕ ЖОЛ АЧЫЛДЫ

       2020-жылдын 24-сентябрында Мамлекеттик тил күнүн майрамдоого карата “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси тарабынан мамлекеттик тил боюнча онлайн тест уюштурулду.

       Программанын башталышында “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Топоева-Ставинская Б.Б., тесттин бардык катышуучуларын куттуктап, мекеменин ишмердиги менен тааныштырды.

       Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Саралаева Жанна Урматовна, Президент Аппаратынын социалдык өнүктүрүү, тарых жана маданият маселелери боюнча бөлүмдүн тарых жана маданият маселелери боюнча секторунун башчысы Тюменбаев Шаазадан Акылбекович, Кыргыз Республикасынын жазуучулар союзунун мүчөсү Бектенова Бубуйра, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Ишекеев Назаркул Ишекеевич, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын талдоо жана стратегиялык пландоо бөлүмүнүн эксперти Абылкасымова Тамара Нурмамытовна, К. Баялинов атындагы китепкананын директору Султангазиева Роза Калыевна келип катышып, куттуктоо сөздөрүн айтышты.

       Онлайн тестке Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери жана бардык каалоочулар катышты.

      Санариптештирүү доорунда тилди окутуу жана тест жүргүзүүнүн жаңы формаларына муктаждык чоң болууда. “Кыргызтест” мамлекеттик мекемеси тарабынан активдүү түрдө киргизилип жаткан онлайн түрүндө тест жүргүзүү системасы бул муктаждыктын талаптарына толугу менен жооп берүүдө.

       Иш-чара ийгиликтүү өтүп, тестке Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы элчиси Бейшембиев Эрик Айдарканович, элчинин кеңешчиси Тилебалиев Айбек Алмасбекович жана элчиликтин башка кызматкерлери катышты.

       Мамлекеттик тил күнүн майрамдоого арналган онлайн тестке жалпысынан 28 адам катышты.

       Тесттен ийгиликтүү өткөн бардык катышуучуларга тийиштүү деңгээлдеги Сертификаттар берилди.

       Иш-чаранын жүрүшү “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин вебсайтынан онлайн көрсөтүлдү.

You may also like...