КЫРГЫЗТЕСТ: АВГУСТ АЙЫ

Ысык-Көл облусунун  Тоң району

Ысык-Көл облусунун  Тоң районунун  мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери  мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча тест тапшырышты

2018-жылдын 16 —17-августунда Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун  Тоң  районунун 24 мамлекеттик жана муниципалдык мекемесинен келген  179 кызматкер бардык тест тапшырмаларын аткарышты.

Аталган иш-чарага жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилери толук катышып, жакшы жыйынтыктарга ээ болушту. Тактап айтканда, алар өзү аныктаган деңгээл боюнча 5 «Лексика. Грамматика», «Угуу», «Окуу», «Жазуу» жана «Сүйлөө» субтесттери боюнча тапшырмаларды аткарышты,  «Кыргызтесттин» көчмө тобунун ишин жогору баалап, тесттин талапка ылайык жүргүзүлгөндүгү жана бардык шарттар камсыздалгандыгы үчүн терең ыраазычылыктарын билдирип жатышты.

Тест жүргүзүү “Кыргызтест” сайтында түз көрсөтүлүп жатты.

You may also like...