«КЫРГЫЗТЕСТ» КӨЧМӨ ТОБУ – НАРЫН ОБЛАСТЫНДА

«КЫРГЫЗТЕСТ» КӨЧМӨ ТОБУ – НАРЫН ОБЛАСТЫНДА

          «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси №757 токтомду аткаруу максатында 2018-жылы башталган тестти 2019-жылдын графигине ылайык 8–20-апрелге чейин Нарын шаарында улантты. Мында Нарын областына караштуу ар бир райондун мамлекеттик мекемелеринен 386 кызматкер катышты. Ал эми 18-апрель күнү 2018-жылы тестти ийгиликтүү тапшырган кызматкерлерге сертификаттар ыйгарылды.    

            Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы №279 токтомунун алкагында Нарын областына караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү (590 окуучу) тест тапшырышты. Тест процесси бекитилген графикке ылайык  он-лайн режиминде түз көрсөтүлүп жатты.

You may also like...