«Кыргызтест» көчмө тобу Жалал-Абад областында

«Кыргызтест» көчмө тобу Жалал-Абад областында

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №757 токтомун аткаруу максатында 2018-жылы башталган тестти 2019-жылдын графигине ылайык 10-июндан баштап Жалал-Абад шаарында улантты.

       «Кыргызтест» жамааты күн сайын үч нөөмөттө тест жүргүзүп, каттоодон өткөн мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды, ошондой эле жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн кабыл алып жатты.

       Көчмө топтун ишинин жүрүшүндө 2018-жылдын тест жыйынтыгы менен Жалал-Абад облустунун кызматкерлерине  райондордун өкүлдөрү аркылуу сертификаттар таркатылды.

       Тест жыйынтыгы менен  эң жогорку баллга ээ болгон кызматкерлер үчүн обладминистрация тарабынан атайын жолугушуу аземи уюштурулуп, сертификаттар расмий ыйгарылды. Расмий иш-чарада Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Исламбек Масабиров жана «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Ставинская сөз сүйлөп, куттуктоо сөздөрүн, каалоо-тилектерин айтышты.

       Б.Топоева-Ставинская өз сөзүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билүү ар бир кызматчынын милдети экендигин, ошондой эле  Кыргыз Республикасында 2014-20-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программада кызматчылардын расмий жана чет тилдерди да билүүсү керек деген талаптар көрсөтүлгөнүн маалымдады. Мындан тышкары, ал «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси тарабынан 2015-жылдан бери  РФ М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (МГУ) менен кызматташуу тыгыз байланышта жүрүп, расмий тил боюнча усулдук-ченемдик документтер, эл аралык үлгүдөгү тест тапшырмалары даярдалганын, 2019-2020-жылдарда тестти баамдоо иретинде киргизүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи.

       «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин директору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн администрациясына тестти уюштурууда көрсөтүп жаткан колдоолору үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

You may also like...