«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси ФЛЕШМОБ өткөрөт

2018-жылдын 23-сентябрында, Мамлекеттик тил күнүнүн урматына, жарандарды «Кыргызтест» системасы менен тааныштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча ФЛЕШМОБ түрүндө чакан тест өткөрөт.
Бул иш-чара 23-сентябрда саат 11:00дөн 16:00гө чейин Бишкек Парк соода борборунун M1 кабатында өтөт.
Зал 15 ноутбук менен жабдылат.
ФЛЕШМОБдо тесттен тышкары, “Кыргызтесттин” мобилдик тиркемесинин бет ачары өтөт жана викториналар жүргүзүлөт.
Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын, министрликтердин, ведомстволордун жана БӨУ өкүлдөрү чакырылат.
Каалоочулардын баары тестке катыша алышат.

Кошумча маалымат:
Тест тапшырууну каалагандар алдын-ала каттоодон өтүп, купуялык номур алышат. Андан кийин видео нускама аркылуу тест тартиби менен таанышып, тест тапшыра башташат. Тестти аткаруу убакыты – 30 мүнөт. Мында лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно алуу, маамлыматты угуп жана окуп түшүнө алуу, оюн оозеки жана жазуу жүзүндө билдире алуу көндүмдөрү баамдалат.
Бардык 5 субтест боюнча тест жыйынтыгы тест бүтөр замат, дароо берилет.

You may also like...