«Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Бишкек шаарында флешмоб өткөрөт

2019-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Кыргызтест» мамлекеттик мекемеси Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгынын урматына Бишкек шаарында флешмоб түрүндө чакан тест өткөрөт.

Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президент Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын ж.б. мамлекеттик мекемелердин, о.э. БӨУ өкүлдөрү чакырылат.

Кошумча маалымат:

Флешмоб түрүндөгү чакан тестте катышуучуларга 5 субтесттен турган тест варианттары сунушталат. Ар бир катышуучу өз каалоосуна жараша тесттин түрүн тандап алат.

Мында лексикалык нормаларды жана грамматикалык эрежелерди иш жүзүндө колдоно билүү, маалыматты угуп жана окуп түшүнө алуу, оюн оозеки жана жазуу  жүзүндө билдире алуу көндүмдөрү бааланат.

Бардык 5 субтест боюнча тест жыйынтыгы тест бүтөр замат берилет.

Тесттин жыйынтыгы боюнча катышуучуларга чакан белектер ыйгарылат.

Флешмобдун жүрүшү толугу менен «Кыргызтест» сайтында онлайн чагылдырылып турат.

Орду: Бишкек шаары, «Бишкек Парк» соода борбору М1, 1-кабат

Убактысы: 11:00дөн 17:00гө чейин

Байланыш телефондору: 0701351022, 0550351022 (Айпери)

You may also like...